Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5 500 чукулдады

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 12-мартка карата Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 5 446 адамга жетти.

 

Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 653 киши. Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абадда 975, Ош облусунда 907, Ош шаарында 334, Баткенде 133, Ысык-Көлдө 86, Таласта 76 жана Нарын облусунда 54 учур катталды.

 

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитине барып статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин айткан. Президент буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да саналуу болчу. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен улам 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, кескин көбөйүп кеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандар кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жылдын башында кайрадан башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.