Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, артиллериялык снаряд менен аткылоо жумуштары бүгүн аткарылат.

 

Буга байланыштуу трасса  маал маалы менен чектелип, унаа кыймылы токтотулат. Сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга 112 кыска номерине чалып, актуалдуу маалыматты тактап алуу сунушталат.