Бишкекте борбордук көчөлөр Ноорузга карата тосулууда. Мэриядан билдиришкендей, чектөөлөр 18-марттан тарта киргизилип баштады.
23-мартка чейин кечки саат 10дон түн жарымга чейин Чүй проспектисинин Панфилов – Эркиндик тилкеси, Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү, Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов – Чүй тилкеси тосулат.
Айдоочуларга башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.