Кыргызстанда май айында электр энергиясына тариф кымбаттайт. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.
2021-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган документке ылайык, 2025-жылга чейин жыл сайын инфляция деңгээлине жараша бардык абоненттер үчүн тариф кайра каралат.
Быйыл тарифтик саясат 1-июнда өзгөртүлмөк. Ал эми жаңы токтом долбоорунда электр энергиясынын тарифин кайра кароону 1-майга жылдыруу сунушталды. Мындай чечим энерго тармактагы дефицитти жабуу максатын көздөйт.