Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат

Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунун аталган аймагында көчмө диагностикалык комлекс иштеп жатат.

 

Анын курамында дарыгерлер, анализ тапшырууга лаборатория, компьютердик томография, операциялык блок, рентген аппарат жана башкалар бар. Комплекс Сокулук районунда 3 ай иш алып барып, андан кийин Нарын облусуна жөнөтүлөт.