Талас облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо. “Турмуш” басылмасы жазгандай, билим берүү мекемеси Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында жайгашат. Имарат 375 орунга чакталат. Курулушка дээрлик 100 миллион сом жумшалды.
Каражат мамлекеттик бюджеттен которулган. Мектеп жакынкы арада колдонууга берилет деп пландалууда.