Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

«Республика боюнча адатта 120га чукул тест борбору ачылат. Бул катталган адамдардын санына жараша болот. Мисалы, бардыгы катталып, онлайн система жабылгандан кийин биз кайсы жерде канча адам катталганын карап чыгабыз. Ошого жараша тест борборлору аныкталат. Мисалы былтыр 117 тест борбору болгон.”

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында 17-майдан  24-майга чейин өтөт.