“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту

“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту.

 

Кино биринчи бөлүктүн кассасынан ашып өттү. Анда 400 миллион чогулган. “Дюнанын” эки бөлүгү тең америкалык жазуучу Фрэнк Герберттин романынын негизинде тартылган.

 

Башкы ролдорду  Тимоти Шаламе, Зендея, Ребекка Фергюсон жана башкалар аткарган.