Бишкек мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады

Бишкек мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады. Ири иш-чаралар быйыл 20-марттан 22-мартка чейин өтөт. Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланды.

 

Шаар тургундары үчүн көргөзмөлөр, чеберчилик-класстар, спорт оюндары жана улуттук тамак-аш, суусундуктар менен тамактануу аянттары уюштурулат. Андан тышкары, 21-мартта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланат.