Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар толугу менен алынат

10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев – 7-Апрель көчөсү – Чүй – Манас проспектиси менен чектелген аймакта кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

 

Шаардын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу үч этапта жүргүзүлөт. Экинчи этап 10-майдан башталса, үчүнчүсү 1-июнда болот. Анын алкагында, жалпысынан 900дөй маршрутка каттамдан алынат.