Ош шаарында Айт намазы борбордук аянтта окулат
Ош шаарында Айт намазы борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Айт намаз таңкы саат 07:30да башталат. Эске салсак, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.