Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Актөбө облусуна багыт алды

Казакстандагы суу ташкындан улам Кыргызстан жөнөткөн гумжардам 8-апрелде Актөбө облусуна багыт алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектен күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчө жана чатырлар жүктөлгөн 15 фура 6-апрелде жолго чыккан.   Селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн куткаруучулар да… Кененирээк…

Бишкекте жоогазындар гүлдөдү

Бишкекте жоогазындар гүлдөдү. Мэриядан билдиришкендей, күзүндө 170 миң гүл отургузулган. Алар Курманжан Датка эстелигинин айланасын, Филармониянын алдын, Түштүк магистралды, Жумабек – Ибраимов көчөлөр кесилишин, Өкмөттүк, Театралдык скверлерин жана башка көптөгөн тилкелерди кооздойт.   Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин адистер тамырын казып алып, кургатып, кийинки күздө кайрадан… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек – Ош, Мырз а-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу жана Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолдорунда түшүшү күтүлөт.   Бул каттамдар менен сапарга чыккан айдоочуларга… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 кичи ГЭСтин курулушу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 кичи ГЭСтин курулушу жүрүүдө.   Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине райондук администрациядан билдиришти. Объектилер Турген, Ак-Суу каналдарында жана Боз-Учук айыл аймагындагы пайда болот.   Гидроэлектр станциялар жылдын үчүнчү кварталында колдонууга берилет деп пландалууда.

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бизнесмендерге 6 миллиард сомдон ашык берилди

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында бизнесмендерге 6 миллиард сомдон ашык берилди. Ушул жылдын 1-мартына карата маалыматты Каржы министрлиги тартуулады.   Жалпысынан каржылык колдоону 9 миңден ашык ишкер алды. Эске салсак, долбоор боюнча кайтарымдуу негизде пайызсыз каржылык жардам берилет. Долбоор 2027-жылга чейин… Кененирээк…

28-мартта болгон катуу шамалдан жалпысынан өлкө боюнча 400 миллион сомго зыян келтирилди

28-мартта болгон катуу шамалдан жалпысынан өлкө боюнча 400 миллион сомго зыян келтирилди.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Жалпысынан 289 объект жабыркады, анын ичинде турак-жайлар, айыл чарба курулуштары, унаалар, бак-дарактар жана социалдык объектилер бар.   Жабыркаган имараттар Бишкекте, Чүй, Талас облустарында катталды. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Илон Маск Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо

Америкалык миллиардер Илон Маск жакынкы жылдары Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо. Ал өзүнүн мындай ою менен Space Xдеги иш-чарада бөлүштү.   Маск ошондой эле Кызыл планетага бир нече миллион тонна жүк жөнөтүүнү да каалайт. Операцияга жардам бере турган ракетаны сыноо жана модернизациялоо иштери… Кененирээк…

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда нөшөрлүү жаан жаап, шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда нөшөрлүү жаан жаап, шамал болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, аба ырайынын мындай өзгөрүүсү эртең күтүлөт.   Метеорологдор билдиргендей, 9-апрелде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы бир топ төмөндөйт. Андан соң нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт.  … Кененирээк…

Кегети — Чыгыш Каракол унаа жолуна таш кулады

Кегети — Чыгыш Каракол унаа жолунун 23-чакырымына көлөмү 150 куб метр болгон таш кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, анын кесепетинен мал өтүүчү жолдун тилкеси жабылып калган.   «Учурда аталган тилке толугу менен тазаланды. Жерине атайын техника жана эки кызматкер… Кененирээк…

Кыргызстанда дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөрдүн 2%га жакыны жана жаныбарлардын 3%дан ашыгы кездешет

Кыргызстанда дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөрдүн 2%га жакыны жана жаныбарлардын 3%дан ашыгы кездешет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.   Адистер билдиргендей, өлкөдө өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26 миң 500дөн ашык түрү жашайт, алардын көпчүлүгү уникалдуу жана Кыргызстанда гана кездешет.