Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийинки чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу жылуулук-энерго борбордун директору Алпбек Садыров билдирди.
Бул алдын ала гана маалымат, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн, — деди ал.
Эске салсак, 2-февралда Бишкек ЖЭБинде болгон жарылуудан улам 60 миңге жакын батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, алардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.