Жыл башынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 12 миллион 962 миң сом, ички карыз боюнча — 11 миллион сом багытталды.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 530 миллион сомго жетти. Бересенин басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында.