Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.
Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин жетекчиси жана башкы инспектору 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү.
Сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында жалпы жолунан инспекциянын 6 кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.