Токио Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылышы мүмкүн. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги уюштуруу комитетинин мүчөсү Харуюки Такахашиге шилтеме берип жазды. Дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу башка мөөнөткө жылдыруу зарылчылыгы келип чыкты.
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.