Бишкекте “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери башталды.
Мэриядан билдиришкендей, алгач Ташкент жана Сухэ-Батор көчөлөрү ремонттолот. Андыктан аталган
тилкелерде кыймылга чектөө киргизилет. Иштерди кыш мезгилине чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгилеп кетсек, экинчи фазанын алкагында ордо калаада 70 чакырым узундукту түзгөн 60 көчө оңдолуп,
5 көпүрө курулат. Жумуштардын жүрүшү 2 жылга созулат. Долбоорду кытайлык компания ишке ашырат.