Бишкекте бардык класстын окуучулары качан мектепке кайтары азырынча чечиле элек.
Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, бул маселе боюнча ата-энелер түрдүү пикирде.
Андан улам бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Ал эми бала бакчалар
тууралуу айта турган болсок, аларды ачууга санитардык кызматтар азырынча уруксат бере элек.
Андыктан, 1-февралдан тартып муниципалдык мектепке чейинки даярдоо мекемелери ишин жандандыраары белгисиз.