Москвада учуучу такси сыноодон өтүп жатат.
Аэротакси 2 жүргүнчүгө ылайык. Учуучу аппарат 300 килограммга чейин көтөрүп,
150 метрге чейин көтөрүлө алат. Электр кыймылдаткыч орнотулуп, 1 жолу кубаттандыргандан кийин
учуу аралыгы 100 чакырымга чейин жетет. Мындай техника учуп-конуу үчүн атайын аянтчаны талап кылбайт.
Бул үчүн кадимки унаа ээлеген аянт жетиштүү. Сыноо учуру качан аяктаары жана
качан жүргүнчүлөрдү ташып баштаары азырынча белгисиз.