Бишкекте 1-марттан тартып дагы 3 класстын окуучулары мектеп парталарына кайтып келет.
Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирет.
Анын айтымында, эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, 2,3,4-класстын окуучулары
кадимки режимде билим берүүгө кайтат. Ошондой эле бала бакчаларга даярдоо топторундагы
балдар кайтат. Белгилеп кетсек, учурда ордо калаа мектептеринде
1,5,9,11-класстын окуучулары гана мектептерге барып окуп жатат.