Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Референдумду жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге 11-апрелде өткөрүү сунушталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.