Италия курамасынын футболчусу Федерико Кьеза Евро-2020 чемпионатынын жарым финалдык беттешинин мыкты оюнчусу аталды.
Ал Испания менен жолугушууда кооз гол менен өзгөчөлөнө алды. Кьеза Лондондо өткөн беттештин 60-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан. Белгилеп кетсек, Италия курамасы Европа чемпионатынын финалына чыкты.
Анын атаандашы бүгүнкү беттештин жыйынтыгы менен белгилүү болот. Бүгүн түнкү саат 1де оюн талаасына Дания-Англия курамалары чыгат.