Боом капчыгайында таштарды атайын атып түшүрүү иштери жүрөт.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, иштер 20-сентябрдан
24үнө чейин Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын 131-чакырымында
аткарылат. Таштардын түшүшүнөн улам жол эртең мененки саат 9дан
күндүзгү 3кө чейин маалым менен жабылат. Унаалар бир тараптуу гана өткөрүлөт.