Бишкекте “Парковка” рейди өтүп жатат.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей,
3 күндүн ичинде унаасын туура эмес жерге токтоткон
1 миңден ашык айдоочу аныкталды. Тартип бузуучуларга
карата протокол толтурулду. Айыптын суммасы 1 миң сомду түзөт.
Кызматтан белгилешкендей, “Парковка” рейди коопсуз жол
кыймылын камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.