Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Алсак көмүрдүн орточо баасы республика боюнча быйыл октябрда былтыркыга
салыштырмалуу 1 тоннасы 19,7 пайызга жогорулады. Өлкө боюнча эң кымбат көмүр
Ноокатта – тоннасы – 9 миң 794 сом, Баткенде – 9,5 миң сом жана
Исфанада – 8 миң 642 сомдон сатылууда. Ал эми эң арзан кара отун
Чаек айылында тоннасы — 3 миң сом болсо, Балыкчыда– 4 миң сом жана
Нарында – 4 миң 200 сомго барабар.