Бүгүн Бишкекте Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча жаштар арасында Кыргызстандын 2021-жылдагы чемпионаты башталат. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш баш калаадагы «Азия-Молл» соода борборунда өтөт.
«Мелдеш өлкөнүн Тогуз коргоол федерациясынын туңгуч президенти, Кыргыз Республикасынын спорт чебери, өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдисалим Чылымовдун байгесине арналып өткөрүлөт», — деген ал.
Чемпионатка республиканын бардык региондорунан 100гө жакын улан-кыз келип катышат.
Мелдештин салтанаттуу ачылышы 6-ноябрда саат 12:00дө болот. Оюндар күн сайын саат 10:00дө башталып, 9-ноябрда аяктайт.