Бишкек жана Чүйдө саммитке байланыштуу айрым жолдор унаа кыймылына жабылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков билдиргендей, 26-27-майда “Манас” аэропортунан Жибек Жолу проспектине чейинки жол, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас, Айтматов проспектилеринде чектөөлөр киргизилет.
Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.