Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы ишенимдүү түрдө өсүп жатат. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, ордо калаада турак-жайдын бир чарчы метри орточо эсеп менен 100 долларга кымбаттады.
Өзгөчө 1 бөлмөлүү батирлердин баасы өстү. Эгер бир жыл мурда, 2021-жылдын сентябрында 4 бөлмөлүү батирге эң кымбат баа чарчы метрине 760 долларды түзсө, бул жылдын сентябрында бир бөлмөлүү батирлердин баасы 829 долларга жетти.
Ошто дагы ушундай эле көрүнүш – бул жерде турак-жайдын бир чарчы метринин баасы 487 доллардан дароо 667 долларга өстү.