Индия Кыргызстандын жарандарына электрондук виза берүүнү жандантты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, процедура 2020-жылы коронавирустук пандемияга байланыштуу токтотулган.
Учурда Кыргызстандын жарандары электрондук бизнес-визасын, конференцияга катышуу визасын, бейтаптын жана аны коштоп жүргөн адамдардын медициналык визасын, ошондой эле туристтик визаны ала алышат.
Тиешелүү эрежелер менен элчиликтин расмий сайтынан таанышууга болот.