Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин жогорулатуу сунушталууда.
Энергетика министрлиги тиешелүү документти коомдук талкууга чыгарды.
Эгер демилге ишке ашса, 1-майдан тарта калк үчүн бир кВт/саат тарифи азыркы 77 тыйындын ордуна 1 сом болот.
Ал эми бир айлык керектөө 1,5 миң кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйынды түзөт.
Аз камсыз болгондорго мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү берилет.
Азыркы тариф боюнча калк үчүн электр энергиясынын баасы 700 кВт/саатка чейин 77 тыйынды түзүүдө, андан ашса 2,16 сом.
Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган.