Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.
Кооптуу тилкелердин тизмесине Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу кирет.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.