Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Эл Аман» дарыканасы эң зарыл болгон дары-дармектердин кеңири ассортиментин сунуштайт. Бул жерден препараттарды башка аптекаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.