Былтыр жеке клиникаларга 1,5 млн сом айып салынды

Былтыр Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустарында 626 жеке менчик клиника текшерилип, 251 ишкерге 1 млн 500 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов билдирди.

 

Анын айтымында текшерилген клиникалардын 216сында медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок болуп чыккан.

 

Менчик клиникаларга кайрылууда жарандарга сак болуу сунушталат.