Кыргызстанда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Гидрометеорология кызматы бүгүн Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктай турганын эскерткен. Мындай аба ырайы кыска мөөнөткө созулары кабарланган.