Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт.

 

Анын тогузу мамлекеттик болсо, 26 окуу жай жеке менчик. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кышкы кабыл алууда гранттык орундар каралбайт, студенттер бир гана келишимдик негизде окууга кабыл алынат.

 

Каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.