Кыргызстанда бул жумада жалпы республикалык тестирлөө старт алат

Кыргызстанда бул жумада жалпы республикалык тестирлөө старт алат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, биринчи этап  20-21-майда, экинчиси 23-24-майда өтөт.

 

Ал эми өз учурунда сынакты жүйөлүү себептер менен тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн тестирлөөнүн соңку этабы 23-24-июнда жүргүзүлөт. Ошондой эле каттоого жетишпей калгандар үчүн  19-22-майда жана 22-июнда кошумча каттоо мүмкүнчүлүгү берилет.