Адамдын салмак кошуусуна таасир берүүчү суусундуктар аталды.
Дарыгер-эндокринолог Екатерина Иванникова айтып бергендей, таттуу шире,
квас жана газдалган суулардын курамында глюкоза көп болгондуктан зат алмашууну жайлатат.
Буларды байма-бай ичсе уйку безине күч келип, ашыкча майларды чогултат. Ошондой эле чай жана
кофени кумшекер менен ичүү жана ага кошуп таттууларды жеген адам бир гана семирбестен
ден-соолугунда да зыян алып келет. Организмди тазалап туруу үчүн кээде сууга бадыраң,
жалбыз жана лимонду кошуп ичип туруу зарыл. Ысыкта томат ширеси дагы пайдалуу.
Ал аптапта канды суюлтканга жардам берет.