Айдап-себүү иштерине жер семирткич сатып алууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү.
Айыл чарба министрлигинен маалым болгондой, аммиак селитрасы жана мочевинаны Өзбекстандан алып келүү боюнча келишим түзүлдү.
Маалыматка ылайык, ушул айдын аягына чейин 5 миң тонна көлөмдөгү биринчи партия Кыргызстанга жеткирилет.