Жүргүнчү ташуучу фирмаларды лицензияларынан ажыратуу үчүн негиз керек

Жүргүнчү ташуучу фирмаларды лицензияларынан ажыратуу үчүн негиз керек. Бул тууралуу Кабарга Унаа жана жолдор министри Гүлмира Абдралиева билдирди.

 

Анын айтымында, эгер Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгы лицензияларды артка чакыртып алуу боюнча өтүнмө берсе, министрлик аны кабыл алат.

 

Андан кийин мэрия менен фирмалардын ортосундагы макулдашуу иликтенет. Андан тышкары, мэрия айдоочулардын иш таштоосу жөнүндө расмий маалымдама алганы дагы эске алынат.  Азырынча, өтүнмө менен эчким министрликке кайрылган жок, — деди Абдралиева.