Калмира Билимбек кызы Азия чемпионатында коло байге алды

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. Күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, ал 11-апрелде 59 килограмм салмакта күч сынашып, айлампа тартибинде төрт таймаш өткөрдү.

 

Алгач казакстандык Диана Каюманы 2:1, экинчи беттешинде өзбекстандык Сарбиназ Жиенбаеваны 11:0 эсебинде утуп, жарым финалда кытайлык Жуомалага Жуомалагага жеңилди (2:6). Коло байге үчүн беттеште казакстандык Диана Каюмова менен кайрадан беттешип, 11:6 эсебинде жеңди.

 

Бул күнү Билимбек кызынан сырткары кыргызстандык үч кыз күч сынашты. 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы алгачкы беттешинде жеңилип, мелдештен четтеди. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште жаракат алгандыгына байланыштуу таймашты уланта алган жок.

 

Алдыда 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен алтын байге үчүн күрөшөт. Күрөштүн бул түрүнөн таймаштар 12-апрелде уланат. Анда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Бермет Нуридин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг), Дилназ Сазанова (65 кг) килемге чыгышат.