БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 2-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Эмил Жамгырчиевди депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратышты.

 

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынан депутат болгон Жамгырчиев тиешелүү арызды буга чейин өзү жазып берген.

 

Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Оргалча өзү Боршайком мүчөсүнүн катышуусунда БШКга билдирүү калтырган.