“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинин катышуучулары Кыргызстанга келишти

“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинин катышуучулары Кыргызстанга келишти. Коноктордун тизмесинде Европа кеңешинин президенти, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери бар.

 

Эске салсак, саммит бүгүн жана эртең Чолпон-Атада өтөт. Катышуучулар аймактардагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.