Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогуна катышуу үчүн эркин күрөштүн дүйнөлүк курамасына кирди. Турнир АКШда 10-11-декабрда өтөт. Дүйнө курамасы Япония, Кытай, Монголия жана Украина курамалары менен кез келет.
Эске салсак, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн соңку чемпионатта 5-орунду ээлеген.