Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште ал өзбекстандык Набира Эсенбаева менен кез келип, ага үстөмдүк кыла алды.

 

Тыныбекова алтын медаль үчүн япониялык Нонока Озаки менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 4тө старт алат.