Бишкектин 7 көчөсүндө тротуарлар оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Жөө жүрүүчүлөр аймактарын калыбына келтирүү иштерин “Бишкек асфальт сервис” ишканасы жүргүзөт.
Тротуарлар Жибек Жолу, Чүй проспектилеринде жана Киев, Абдрахманов, Манас, Айтматов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жаңыртылат.