Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

 

Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Тыныбекова жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту.

 

Кыргызстандык балбан алтын үчүн бүгүн күрөшөт. Учурга карата өлкө куржунунда Олимпиада оюндарына 3 жолдомо бар. Буга чейин лицензияга балбан Айпери Медет кызы жана суучул Денис Петрашов ээ болушту.