Кыргызстан уюлдук интернеттин арзандыгы боюнча 233 өлкөнүн ичинен 5-орунда турат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жунусалиев билдирди.
Биздин өлкөдө интернеттин 1 гигабайтынын баасы болгону 17 центти түзөт. Биринчи орунда 4 цент менен Израиль жайгашат. Андан кийин Италия жана лидерлердин үчилтигин Сан Марино бекитет.