Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу уланууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу уланууда. 5 кабаттуу объект эки жыл мурда салынып баштаган.

 

Окуу имаратынын жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрден ашып, анда окуу аудиториялары, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс бар.

 

Долбоордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифтти орнотуу каралган. Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.