Электрондук система аркылуу биринчи класска балдарды кабыл алуу уланууда

Электрондук система аркылуу биринчи класска балдарды кабыл алуу уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата 110 миң бала кабыл алынды.

 

Мектептерде дагы 75 миң 960 орун бар. Белгилеп кетсек, мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы 10-апрелден 26-июнга чейин болсо, экинчиси 26-июнда старт алып, 31-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Ата-энелер балдарын биринчи класска mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жаздырат.