“Ак шумкарлар” Кувейт курамасын 3:1 эсебинде утуп алышты

Дубайда өткөн жолдоштук беттеште “Ак шумкарлар” Кувейт курамасын 3:1 эсебинде утуп алышты. Novosti.kgге Кыргыз футбол союзунан такташкандай, оюндун эсебин 11-мүнөттө атаандаш тарап ачты.

 

Ал эми 43-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти теңеди. Экинчи таймда эки голду Кожо Жоэль киргизип, беттеш Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды.

 

Эске салсак, ушул тапта футбол боюнча улуттук курама команда 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарына жана 2024-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабына даярдык көрүү максатында Дубайда окуу-машыгуу өтүп жатат.